Азыркы балдарды бир нерсеге окутуп, үйрѳтүү эмнеге кыйынга туруп жатат? Кѳптѳгѳн мүмкүнчүлүктѳргѳ карабастан, балдардын окугусу, иш кылууга үйрѳнгүсү келбей жатканына эмне себеп? Балдар бардыгын ѳз алдынча кылууга, жоопкерчиликтүү болууга умтулган мурдагы кез кайда калды? Бүгүнкү берүүдѳ ушул маселе тууралуу сѳз кылабыз.
Үйдө уу-чуу! Балдардын кыйкырышып, атаандашканы басылбайт! "Ой антпе! Урушпа! Кыйкырба!" дей берип, тил алдыра албай, шайы кеткен эне... Үй-бүлөдө балдар арасында атаандаштыктын себептери эмнеде, аны кантип жөнгө салууга болот? Эмесе, кезектеги уктуруу мына ушул атаандаштык тууралуу болмокчу.
Эмне үчүн балдарыбыздын тарбиясы биз каалагандай болбой калат? Канча акыл-насаат айтсак да, алар башкача адамдардан болуп чыга келишет? "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" деген макалдын буга канчалык тиешеси бар? Кезектеги уктурууда мына ушул балдарга берилген тарбия меселеси тууралуу кеп козголот.
Жалпы эле жакындарыбыздын, алардын ичинде балдардын жүрөгүнө барчу жолду кантип тапсак экен? Чиеленишкен татаал мамилелердин себеби эмнеде? Деги кимибиз сүйүүнүн кайсы тилинде сүйлөп жатабыз? Дегеним ар бирибиздин сүйүү тилибиз болот экен. Эмесе, кезектеги берүүдө ушул тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Үй-бүлөдө ѳз балдары менен тил табыша албаган ата-энелер аз эмес. Жерден боорун көтөрө элек жатып, ата-энеге моюн толгоп, өз билгенин кылгысы келген, кежир балдарды кантебиз? Эмесе бул берүү өз балдарынын тилин таба албай, бушайман болгон энелерге арналат.