Апалар жана чоң балдар. Балдар чоңойгон сайын, көйгөйлөр да чоңоёт. Кичинесинде тил алчаак болуп, апасынын айтканынан чыкпай, жетеги менен басып жүргөн бала, эр жетип, бой тарта баштаганда эле башкача болуп, каяшасы көбөйө баштайт? Эмне кылуу керек? Чоң балдар менен кантип ынак, жылуу мамиле таба билүүго болот? Келиңиздер, ойлорду ортого салалы.
Апалардын лексикону. Апалар балдары менен кандай суйлөшөт? А башка адамдар мененчи? Сылыктык эрежелерин балдарга карата да колдонсок кантээр эле? Же андай кылуу ашыкчабы? Келгиле, ойлорду ортого салалы.
Балдарын тарбиялоо менен алек болуп, көбүнчө үйдө отурган апалар өздөрүнө кам көрүп, сулуу, шайдоот болушу керекпи? Же чарчаган, ачууланган абалында жашай бериши керекпи? Албетте, жок! “Апалар мектеби” берүүсүнүн алкагында, ушундай энелер канткенде күнүмдүк жашоосун кызыктуу жана кубанычтуу кыла ала тургандыгы тууралуу ой бөлүшүүгө чакырам.
Балдарда да эки жүздүүлүк болобу? Балдар кантип алдасын? Бул акылга сыйгыс го? А бирок андай болушу да мүмкүн... Бирок кандайча? Келиңиз, чогуу байкап кѳрѳлү...
«Уулуга урмат, кичүүгѳ ызаат» деген асыл сѳздү балдарыбызга канчалык деңгээлде сиңирип жатабыз? Балдарыбыз улууларды урматтап-сыйлоону билишеби? «Сыйга сый, сыр аякка бал!» деген КЫРГЫЗ! Келиңиз, сыйлоо тууралуу сүйлѳшѳлү!