Аракечтикке кабылган үй-бүлөнүн балдарынында психикалык ар кандай көйгөйлөр көп болот. Кезектеги уктурууда аракечтиктин үй-бүлөдө балдарга тийгизген таасири тууралуу сөз болот.
Ата-эненин өз ара мамилеси балдардын психикасына таасир этет. Жаман мамиле - жаман таасир, жакшы мамиле - жакшы таасир. Кезектеги уктуруу үй бүлөдөгү мамилелер баланын психикасынын пайдубалы деп аталат. Балдардын келечегин, ден соолугун, жан дүйнөсүнүн абалын ойлосок, жубайлар, өз ара мамилебизди оңдойлу.
Бойдон алдыруу... Аргасыздыкпы же болочок адамдын өмүрүнө кайдыгерликпи? Кезектеги уктурууда бойдон алдыруу маселесинин күңгөй-тескейи.
Байыртадан элибиз ата салтын, эне адебин ыйык тутуп, балдарына ушуну эң башкы баалуулук катары үйрөтүп, үлгү болуп, канына сиңирип келген. Адеп маселеси ар бир кыргыз баласынын жашоосунда биринчи орунда турган. Кезектеги уктурууда канга сиңген ата салты, эне наркы тууралуу маек курабыз.
Бала тил албай, каршылык көрсөтүп, колундагысын ыргытып, жата калып ыйлаган көрүнүш жаш баласы бар дээрлик ар бир үйдө болот. Мунун себептери ар кандай. Ошол себептерге кезектеги уктурууда токтолобуз.