Түз эфир номери:

Номер прямого эфира:

Передачи: Радио ОК diamond БЕРҮҮЛӨР

  • Балдар менен сыр чечишип сүйлөшүү
    19.05.2020

    "Апалар мектеби"  уктуруусу: "Балдар менен кантип сырдаш боло алабыз, сыр чечишип сүйлөшө албастык кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?" 

  • Баланын сураганын алып бере берүү дайыма эле туурабы?
    12.05.2020

    "Апалар мектеби"  уктуруусу: дүкөнгө, соода борборлоруна барганда, баланын: «Аны сатып бер! Муну сатып бер!» деп ыйлап, чарчадыңызбы?

  • Балдарды кыйкырбай, уруп-сокпой тарбиялоо мүмкүнбү?
    05.05.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу: Балдарды кыйкырбай, уруп-сокпой тарбиялоо мүмкүнбү? Уруп-согуп, кыйкырмайын бала чын эле укпайбы? Укпаса кантиш керек? 

  • Мугалим мөмөлүү дарак. Мугалимдердин ак кызматы, окуучулар менен ата-энелердин мугалимге карата мамилеси.
    28.04.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу: Мугалимдердин ак кызматы, окуучулар менен ата-энелердин мектепке жана мугалимге карата мамилеси. Байыртадан эле устаттардын, мугалимдин эл агартуу, сабатсыздыкты жоюу ишинде салымы зор. Демек, келечек муундун сабаттуу, ийгиликтүү болушу үчүн, мугалимдер кылып жаткан ишти баалай билүү өтө маанилүү. Учурдагы кырдаалда да бул ардактуу кесип ээлери өздөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн балдарыбыздын билим алуусу солгундап калбашы үчүн жумшап жатышат. 

  • Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес.
    21.04.2020

    "Апалар мектеби" уктуруусу:Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес. Ал эми биз балдарыбызга кандай сөздөрдү айтып жатабыз? Оозубуздан аларга карата жакшы сөздөр менен бирге эле жаман сөздөр да чыгып жаткан жокпу? Жакшынын жакшы, жамандын жаман таасири бар. Эгер балдарыбыздын келечеги жарык, бактылуу болсун десек, азыртан алардын жүрөгүн жакшы сөздөргө сугаралы. Кезектеги уктуруу жакшы жана жаман сөздөр, ошондой эле алардын таасири менен күчү тууралуу болмокчу.