Балдардын тарбиясы өтө кеңири тема. Тарбия үй-бүлөдөн башталат дегендей, балдарыбызды канткенде тарбиялуу балдардан кылып өстүрө алабыз. Ар бир эненин жүрөк учунда турган ушул маселени бүгүнкү берүүдө сиздер менен бирге талкуулайбыз.
Азыркы муундун балдары мурунку муундагы балдардан айырмаланабы? Кандай жагынан? Азыркы балдарга мүнөздүү жалпы көйгөйлөр кайсылар? Алар менен кантип күрөшүп, ал көйгөйлөрдөн кантип чыгууга болот? Кезектеги берүүбүздө азыр дээрлик ар бир үй-бүлөнүн көйгөйү болгон маселер тууралуу сөз кылмакчыбыз. Биз менен бирге болуңуздар
Балдар жашоонун гүлү, сүйүүнүн жемиши. Балдар жөнүндө не деген гана таттуу сөздөр айтылбаган! Бүгүнкү берүүдө балдар тууралуу таттуу ой, таттуу сезимдерге чөмүлөбүз.
Дароо эле: "Баланы эркелетпегенде кимди эркелетмек элем?" деген ойду жаратышы мүмкүн бүгүнкү берүү... Бирок баланын эркелиги эмнеден келип чыгары, эмнеге алып барары тууралуу азын оолак сөз козгосок ашыкча болбос. Андыктан, баланын эркелиги тууралуу ойлорду ортого салалы.
Балдар кимди авторитет тутат? Балдар өмүр бою ата-энесин авторитет тутушу үчүн, алар менен болгон мамиле кандай болушу керек? Кандай себептерден улам бала ата-эненин кадыр-баркына баш ийбей калат? Келиңиз ойлорду ортого салалы.