Ата-эне балдардын жанында өмүр бою болбойт. Биз аларды өз алдынча жашоого канчалык жакшы даярдасак, алардын турмуш жолуна ошончолук чоң жардам болору анык. "Бирок кантип?" деген суроо туулушу ыктымал. Ал тууралуу кезектеги берүүдө чогуу талкуулайлы.
Майыптык - жашоонун өкүттүү жагы. Ал эми каныӊдан жаралган балаӊ майып болуп калса, ата-эне үчүн андан өткөн оор нерсе жоктур. Бүгүнкү берүүдө майып балага үй-бүлөдө кандай мамиле кылып, кантип камкордук көрүү керектиги тууралуу, атайын адис ой бөлүшөт.
Бала. Эне. Мектеп. Бул үчөө өз ара ажырагыс байланышта десек да болчудай. Баланын окуусуна көз салуу эненин бирден бир жоопкерчилиги. Бирок бул маселенин да оош-кыйыш жактары бар. Эмесе, бул берүүдө дагы бир жолу мектеп жана эне-бала маселесине токтолобуз.
Азыркы балдарды бир нерсеге окутуп, үйрѳтүү эмнеге кыйынга туруп жатат? Кѳптѳгѳн мүмкүнчүлүктѳргѳ карабастан, балдардын окугусу, иш кылууга үйрѳнгүсү келбей жатканына эмне себеп? Балдар бардыгын ѳз алдынча кылууга, жоопкерчиликтүү болууга умтулган мурдагы кез кайда калды? Бүгүнкү берүүдѳ ушул маселе тууралуу сѳз кылабыз.
Үйдө уу-чуу! Балдардын кыйкырышып, атаандашканы басылбайт! "Ой антпе! Урушпа! Кыйкырба!" дей берип, тил алдыра албай, шайы кеткен эне... Үй-бүлөдө балдар арасында атаандаштыктын себептери эмнеде, аны кантип жөнгө салууга болот? Эмесе, кезектеги уктуруу мына ушул атаандаштык тууралуу болмокчу.